Программалоо деген сөз бизге англис тилинен келген сөз. Ал компютерге программаны киргизүүнү түшүндүрөт. Анда эмесе биз программа эмне экенин түшүнүп алалы.
Программа деген сөздү жөн гана тилде дагы жолуктурабыз. Мисалы концертин программасы, тойдуп программасы, телеберүүнүн программасы.
Бул мисалдардын баарында биз бир гана мааниде программаны түшүнөбүз. Ал мааниси эмне эмненин артынан болоорун билебиз. Тойдун программасын алсак, ал жерде ким кимдин артынан чыгып сүйлөйт, ким качан бийлейт, жана башка боло турган иш чаралар жазылган. Ал программаны тамада окуп тойду алып барат. Концертте, телевизордо же башка жерлерде дага программада ким эмне ишти качан кылынышы жазылат.
Ар бир иштин башында биз программа түзүп алсак ал ишибиз мыкты чыгат.
Ал эмесе биз билген программанын программалоого эмне тиешеси бар? Программалоочулар (программистер) ошого окшогон эле программа түзушөт. Бирок, аларда тамада жок, эмне иш качан аткалышан процессор карайт. Процессор бул силерге жаңы түшүнүк, силерге азыр ал эмне кылышын, кантип иштешин билүүгө заарыл эмес. Ошону үчүн процессорду жана башка компонентерин биз жалпы компьютер деп атап коелу.
Ошондо биз азыр программаны эмне экенин билебиз. Ал копьютер үчүн жазылган атайын иштердин тизмеси.
Мисалы: Биз мектептеги бирринчи конгуроонун программасын алайлы. Баарыбыз мектепте окуганбыз жана кантип өтүшүн билебиз.
Биз биздин биринчи конгуроого жазылган программабыз. Эми биз муну код деп атап коелу. Бул кодду биз мугалимдерге беребиз дагы бир окуучуну аларга кошуп суранабыз "Ар бир болгон окуяны кагазга жазып бересинер" деп. Алар кайтарган кагазы мындай болшу мүмкүн:
Бул жкрде биз майрамдын өтүшүн кылып көрдүн. Бул биздин программанын аткарылышы.
Байкап көрсөнөр, бир нерсе тез болуп башка нерсеси аста болуп биз ойлогондой чыыккан жок.
Мисалы директордун сөзү соозулуп кетти же бала жоголду. Байкасанар бала жоголгондон кийин майрам уланган жок. Баары аны издөө менен алек болушту.
Эми программаны програмалоочунун көзү менен карайлы.
Биз программаны түзүп жатканда бир нече каталарды кетирдик.
Программа башталардан мурун биз балдарды текшерип санап алганды унуттук. Же директорго сааты тураалап айтып турганы башка мугалимди койбодук.
Биздин программадагы каталарыбызды биз баг атайбыз.